Бишкекте 9-10-июнь күндөрү "Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду" аттуу эл аралык конференция өттү. Жыйындын аягында резолюция кабыл алынды.
Парламент депутаты Каныбек Иманалиевдин айтымында, эки күндүн ичинде 30 баяндама окулду, ар кандай мыкты пикирлер жана ойлор айтылды. “Чет өлкөлүк адистер айткандай, коррупция - криминалдык илдет. Ага күрөш керек. Өлкөбүздө коррупция бар экенин коомчулук билет жана бул илдет менен күрөшүүгө даяр. Бийлик тарабынан колдоо да көрсөтүлүүдө. Мамлекеттик мекемелерде тиешелүү түзүмдөр бар. Эми биз коррупция менен күрөшүү боюнча чет өлкөлүк тажрыйбалар менен таанышып өттүк”,- деди депутат. "Бүгүн кабыл алынган резолюцияны Жогорку Кеңештин депутаттарына таратабыз жана алардын колдооруна ишенебиз",- деди депутат.