“Кумтөр” боюнча канадалык компания менен келишимдерди түзүүдө коррупциялык фактылар аныкталса, күнөөлүүлөр оор жазага тартылышат”,- деп билдирди бүгүн, 10-июнда маалымат жыйында Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык парламент өкүлдөрүнүн уюмунун башчысы Акааш Магаражи.
“Кумтөр” боюнча келишимдер коррупция аркылуубу жана кыргыз тарабынын билбегендигиненби, өлкөнүн кызыкчылыгы каралбай калган. Мен бардык документтерди караштырып, коррупция фактыларын издейм. Албетте, бул маселени чечүүдө Кыргызстандын жана Канаданын парламенттери биргеликте иштеши керек”,- деди ал.
“Эгер келишимдер мыйзам бузуу менен кабыл алынгандыгы аныкталса, күнөөлүүлөрдүн оор жазага тартылышы күтүлөт. Биринчиден, компаниялардын башчыларына да жаза каралат”,- деп кошумчалады Магаражи.