Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов фракция лидерлигин депутат Максат Сабировго өткөрүп берди. Мындай чечим фракциянын 10-июндагы кезексиз жыйынында кабыл алынганын SUPER.KG порталына Назарали Ариповдун кеңешчиси билдирди.
Максат Сабиров буга чейин фракция лидеринин орун басары катары иштеп келген.