Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстанда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду эскиче иштеп, мыкты иш жасай албаганын билдирди. Оторбаев муну 10-июнда “Кыргыз алтын” жана “Түндүк электр” компанияларынын башчылары менен жолугушууда айтты. Компаниялар корпоративдик башкаруу боюнча дүйнөдөгү мыкты практиканы колдонушу керектигин белгилеген премьер: “Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча дүйнөдө кеңири таанылган тажрыйбалар бар. Аны биз терең изилдеп, өкмөттүн ишинде колдонушубуз керек. Тилекке каршы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду өзүнүн ишмердүүлүгүндө мыкты тажрыйба көрсөтө алган жок, эскиче иштеди. Мисалы, Орусия менен Казакстанда мамлекеттик компаниялар жеке компаниялар менен ийгиликтүү атаандашат. Жеке компаниялар эч качан өзүнө ашыкча кадр алууга жол бербейт, мыктыларын гана тандайт”,- деп билдирди.