"Кумтөрдүн" ишин токтоткон жетекчилерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгеси бүгүн, 11-июнда парламент жыйынында 2-окууда каралууда. Мыйзам долбоорун депутат
Өмүрбек Текебаев демилгелеп чыкты. Текебаев депутаттарга мыйзамдын максаты тууралуу маалымат берүүдө.
Айта кетсек, аталган мыйзам долбооруна ылайык, эгерде ишкананы улутташтыруу процесси башталса, “Центерра” “Кумтөрдүн” иштөөсүн токтотуп, Кыргызстандан чыгып кете албайт. Башкача айтканда, ишкананы токтоткон тараптын жетекчилери 10-15 жылга эркинен ажыратылмакчы.