19-июнда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев "Министр байланышта" акциясына катышат. Аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, акциянын алкагында министр жарандык коомдун өкүлдөрү жана журналисттер менен жолугушат. Жолугушууда 2013-жылдагы аткарылган иштер жана алдыдагы пландар жөнүндө элге кеңири маалымат берилет.