Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика комитетинин 17-июндагы жыйынында мамлекеттик кызматкерлер үчүн кыргыз тилинин ролун жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору каралып, колдоо тапты. Мыйзам долбоорунун демилгечиси мыйзам долбоору биринчи окууда каралганда айрым беренелер Конституцияга каршы келе тургандыгын айтып, кайра кароого жибергенин билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик кызматкердин кыргыз тилин билүүсү анын ээлеген кызматынан көз каранды.
"Буга чейин мамлекеттик кызматка кирем деген бардык жарандарга кыргыз тилин билүүнү милдеттендиргенбиз. Бирок мыйзам долбоорун кайра карап чыгып, айрым беренелерге өзгөртүүлөрдү киргизип, кызматкерди кыргыз тилин квалификациялык талаптарга гана ылайык билүүсүн милдеттендирдик",- деди Рыспаев.