15-январда саат 11:30 чамасында Бишкек - Торугарт унаа жолунун 18-чакырымында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган жолдо Фольксваген Жетта унаасы менен Мерседес-Бенц оор жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн. Натыйжада Фольксваген унаасынын 41 жаштагы айдоочусу окуя болгон жерден каза болду.