Вице-премьер Валерий Диль Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты

Вице-премьер-министр Валерий Диль 20-июнда КМШ өлкөлөрүнүн Экономикалык кеңешинин 62-жыйынына катышты. Иш-чара Москва шаарында өтүп, анда 15 маселе каралганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйында сөз сүйлөгөн Диль КМШнын ичиндеги интеграциялык процесстердин маанилүүлүгүн белгиледи. "Глобализациянын шартында интеграциялык бирикмелердин ролу улуу. Ошондуктан Кыргызстан КМШга мүчө мамлекеттер менен түрдүү багытта кызматташууга кызыкдар",- деди вице-премьер.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан