Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын спортчулары Орусияда өтүүчү Эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу аталган күрөш федерациясынан билдиришти. Спорттун бул түрү боюнча дүйнө чемпиону Борис Гуревичтин элесине арналган бул мелдеш 1-3-февраль күндөрү Москва шаарында өтмөкчү. Ага Кыргызстандын атынан 5 спортчу катышып, өлкө намысын талашат.