Чүйдөгү айыл өкмөт башчылары негизсиз текшерүүлөрдүн көптүгүнө нааразы

Кыргызстанда айыл өкмөт башчылары тарабынан өз алдынча башкаруу органдары боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды. Муну 23-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Абдыманап Кутушев жана башкалар менен жолугушууда Ысык-Ата районунун айыл өкмөт башчылары билдиришти. Жолугушууга Ысык-Ата районундагы 18 айыл өкмөтүнүн башчылары катышканын ЖКдан кабарлашты.

Ивановка айыл өкмөтүнүн башчысы Мурат Байдылдаев биометрикалык паспортторду даярдоого күчтүн баары айыл өкмөттөрүнө түшүп жатканын, ошондуктан Социалдык фондду, Мамлекеттик каттоо кызматын, Статистикалык комитетти, паспорттук столду, Мамлекеттик салык кызматын бирдиктүү иш алып барууга милдеттендирүү керектигин айтат.

Айыл өкмөт башчылары негизсиз текшерүүлөрдүн көптүгүнө да нааразычылык айтышты. 

Жогорку Кеңештин депутаттары айтылган сунуш-пикирлер менен макул болуп, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча да айыл өкмөттөрүнүн сунуштарын карап көрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан