Мамлекеттик салык кызматы салык тармагындагы мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорундагы жана Ош шаарындагы Салык башкармалыктарында ички аудит жүргүздү. Маалыматка таянсак, аудиттин жыйынтыгында ишиндеги кемчиликтери үчүн Ош шаардык салык кызматынын бөлүм башчысы кызматынан төмөндөтүлүп, аталган органдын башкы инспектору болуп дайындалды. 6 кызматкерге сөгүш берилип, 5 кызматкер эскертүү алды.
Райондук жана шаардык салык кызматтарына ишти алдыга жылдыруу боюнча бир катар тапшырмалар берилгени айтылды.