Кыргызстанда дары-дармектерди каттоо жөнөкөйлөтүлдү. Тийиштүү токтомго КРнын Премьер-министри
Жоомарт Оторбаев кол койду. Бул тууралуу 25-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик көзөмөлдөн өткөрүү формасы жөнгө салынып, анда дары каражаттарына болгон сертификат эле талап кылынат.
Тийиштүү декларацияга ылайык, дары-дармектерди сертификациядан өткөрүү процесстери жөнгө салынган. Токтом боюнча фармацевтикалык субстанциялар же дары каражаттары мамлекеттик каттоого алынбайт жана кайрадан каттоодон өтпөйт. Өзгөрүүлөр дары чыгарган өндүрүшчүлөр жана атайын эксперттердин жүргүзгөн текшерүүлөрүнөн кийин киргизилген.