Жогорку Кеңеш малды паспорттоштуруу ишин баштоону 1-октябрга жылдырды

Парламент бүгүн, 25-июнда "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" мыйзамдын күчүнө кирүү датасын узартуу боюнча мыйзам долбоорун 3-окууда колдоду. Демилгечилердин айтымында, жаныбарларды идентификациялоону жүргүзүү боюнча каржы булагы кыргыз өкмөтү менен Польшанын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун алкагында аныкталган. Польша өкмөтү Кыргызстандын айыл чарба секторундагы долбоорлорду жана айыл аймактарын өнүктүрүүнү каржылоого 40 миллион евро насыя берет.

Сунушталган долбоор аркылуу бодо малга үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан, жылкыларга 2015-жылдын 1- октябрынан, майда мал жандыктарына 2016-жылдын 1-октябрынан, канаттуулар менен аарычылыкка 2017-жылдын 1-октябрынан тарта идентификация жүргүзүү каралган.

Айта кетсек, буга чейин малды идентификациялоо иштерин баштоо 2014-жылдын 1-апрелине деп белгиленген эле. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан