26-27-январда өтүүчү Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Самбо боюнча дүйнөлүк кубогуна Кыргызстандын самбо курама командасы катышат. Бул тууралуу аталган спорт федерациясы билдирди. Маалыматка караганда, бул мелдешке Кыргызстандын атынан 17 спортчу жана 3 судья барат. Алардын барып келүүдөгү чыгымын КРнын Дене тарбия жана спорт агенттиги төлөп берет.