2014-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2012-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Атомдук энергияны тынчтык максатында пайдалануу жаатындагы кызматташуу жөнүндө" макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 11-июнунда кабыл алынган. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда КРнын Президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Ушул мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине орусиялык тарапка жогоруда көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.