Өкмөткө жарандардын биометрикалык базасын түзүүдөгү документтерди толук иштеп чыгуу тапшырмасы берилди

Парламенттин 30-июндагы кезексиз жыйынында жарандардын биометрикалык базасын түзүү максатында иштелип чыккан “КРнын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору бир нече багытта, анын ичинде мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулукту кыскартуу, адамдардын керт башын так аныктоо жүрүмүн ыкчамдатуу максатында иштелип чыккан. Биометрикалык белгилер жарандардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана чогултулуп, алардын сакталышына көзөмөл күчөтүлүүгө тийиш.

Депутаттардын талкуусунан соң мыйзам долбоорун колдоо менен бирге өкмөткө ушул жылдын сентябрь айына чейин аталган мыйзамды ырааттуу ишке ашыруу жаатында ченемдик актылар топтомун толук иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан