Мирослав Ниязов Кыргызстандын Тажикстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу 2-июлда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.
Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койду.
Эске салсак, ушул жылдын 6-июнунда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Мирослав Ниязовду Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кылып дайындоого макулдук берген. Ал эми 30-июнда аталган кызматты аркалап келген Урмат Саралаев кызматынан бошотулган.
Мирослав Ниязов 1951-жылы 8-сентябрда туулган. 2005-2006-жылдары КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон.