Аида Салянова иш сапары менен Вашингтондо жүрөт

Башкы прокурор Аида Салянова жетектеген Кыргызстандын делегациясы Вашингтондо иш сапары менен жүрөт. Прокуратурадан билдиргендей, 28-июнда башталган иш сапар 5-июлга чейин улантылат. Иш сапардын максаты - коррупция менен күрөшүү маселесине басым жасоо менен уурдалган жана изи жашырылган активдерди кайтаруу боюнча Кыргызстан-Америка укуктук кызматташтыгын активдештирүү жана бекемдөө.

Салянова 30-июнда АКШнын башкы прокурорунун орун басары Жеймс Коул менен жолугушту. Жолугушууда тараптар коррупцияга каршы күрөшүү, уурдалган жана изи жашырылган активдерди кайтаруу боюнча Кыргызстан-Америка укуктук кызматташтыгын активдештирүү маселесин талкуулашты.

Жеймс Коул АКШ өкмөтү Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшкө жана мамлекеттин уурдалган байлыгын кайтарып берүүгө жардамдаша турганын айтты. Делегация эртең, 5-июлда иш сапарын андан ары Канада өлкөсүнө улай турганы маалымдалды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан