Жоомарт Оторбаев коммерциялык банктар менен накталай эмес төлөм киргизүү жана ипотекалык насыялоону өнүктүрүү боюнча чараларды талкуулады

Бүгүн, 4-июлда премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында бардык ири коммерциялык жана мамлекеттик банктардын, банк ассоциацияларынын, министрлик, ведомство жана Улуттук банк жетекчилигинин катышуусунда накталай эмес төлөм киргизүү жана ипотекалык насыялоону өнүктүрүү боюнча жыйын өттү.

Жыйында Жоомарт Оторбаев өкмөт POS-терминалдарды КНС төлөмүсүз киргизүү тууралуу чечим кабыл алгандыгын маалымдады. Ал үчүн Жогорку Кеңештин жактыруусун алуу керек. Аталган документ долбоору парламентке 2014-жылдын сентябрь айында түшөт.

Биздин пикирде, КНС алынып салынган соң, банктар банкоматтардын санын 3 эсеге жана POS-терминалдардын санын 10 эсеге жогорулатат. Өз кезегинде накталай эмес төлөмгө өтүү көмүскө экономика көлөмүн кыскартат”,- деди ал. Ошондой эле премьер расмий эмес экономика көлөмү ИДПга карата 40-60 пайызга жетерин айтып, буларды кошумчалады: Ишкерлер көмүскөдөн чыгып, салык төлөгүсү келбейт. Эгерде биз транзакцияларды мыйзамдаштыра алсак, анда көмүскөдөн 1 миллиард долларын чыгара алабыз. Эгерде кеминде 1 пайыз мыйзамдаштырсак, бюджетке кошумча түрдө 10 миллион доллар түшөт”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан