Бүгүн, 5-июлда КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын Башкы штабында коллегиялык жыйын болуп өттү. Ага КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Асанбек Алымкожоев, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, Чек ара кызматынын жетекчилиги, аймактык башкармалыктардын башчылары катышты.
Жыйында Чек ара кызматынын аскердик даярдыктары тууралуу маалымат берилип, мекемени 2014-2015-жылдарга карата техникалык жактан камсыздоо маселеси талкууга алынды. Мындан сырткары чек арадагы көзөмөл өткөрүү бекеттеринде аткезчиликти көзөмөлдөө жагы каралды.
КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев чек арачылардын ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, чек арага жакын аймактагы калк менен тыгыз иш алып баруу керектигин айтты. Ошондой эле кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Чек ара кызматынын коом менен байланышуу бөлүмү билдирди.