Декларация: Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев былтыр 355 107 сом маяна алганын айтты

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев (сүрөттө) 2013-жылы 355 107 сом маяна алган. Муну чиновник тапшырган декларациясында көрсөттү. Министр 1 батир жана 1 гаражга ээлик кылат (аянттары 78,2 жана 15 чарчы метр). Автоунаасы: 2000-жылы чыгарылган Мерседес. Жакындарынын мүлкү жана жылдык кирешеси тууралуу маалымат берилген жок.

Кудайберген Базарбаевдин орун басары Нарынкүл Эшенкулова былтыр 204 365 сом маяна алыптыр, үйү жана автоунаасы жок. Анын жакындарынын 46 чарчы метр аянтты ээлеген батири бар.

Министрдин дагы бир орун басары Эрик Күйкеевдин былтыркы кирешеси 404 308 сом. 175 чарчы метр аянтты ээлеген үйгө ээлик кылат. Жакындарынын жылдык кирешеси 366 800 сом, 80 чарчы метр аянт батирге, 800 чарчы метр аянт жер тилкесине ээлик кылышат. Аларга таандык 2001-жылы чыгарылган Ниссан Патфайндер жана 2002-жылы чыгарылган Ниссан Сефиро унаалары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан