Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгон буйрукка ылайык, Абдимамат Мурзабеков транспорт жана коммуникация министринин орун басарлыгынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Мурзабеков бул кызматка 2013-жылдын 27-ноябрында дайындалган эле.