Коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов 2013-жылы 604 080 сом киреше тапкан. Тапшырган декларациясына таянсак, анын жакындары былтыр 72 000 сом кирешеге ээ болушкан. Мүлктөрү: 82 чарчы метр жерди ээлеген үй, 2001-жылы чыгарылган БМВ 525 автоунаасы.
Коргоо министринин дагы бир орун басары Жаныбек Капаров былтыр 512 986 сом киреше тапкан. Өзүнүн жана жакындарынын кыймылсыз мүлкү тууралуу маалымат берген эмес. Жакындарына караштуу Даймлер Крайслер автоунаасы бар.
Коргоо министрлигинин мурунку жетекчиси Таалайбек Өмүралиев 2013-жылы 582 672 сом маяна алган. Кошумча кирешеси жок экенин айтат. Жакындары өткөн жылы 360 миң сом маяна алышса, 2004-жылы чыгарылган Тойота Хайлендер автоунаасына ээлик кылышат.