Ош шаардык мэриясынын Жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Камчыбек Досматов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июлда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Досматов 2009-2010-жылдары ОшМУнун Жаштар комитетинин төрагасы, 2010-жылдан тартып өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында башкы адис кызматтарын аркалап келген.