Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев кызматынан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда мэриядан тастыкташты. Жээналиев кызматтан кетүү үчүн өз каалоосу менен арыз жазганы айтылды, учурда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин буйругун күтүп жатыптыр. Эскерте кетсек, буга чейин Жээналиевге шаардык кеңештин 12 депутаты ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн болчу.