Кыргыз-тажик өкмөттөрү аралык макулдашуу ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 16-июлда “Кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн ортосундагы Эл аралык автомобилдик катнаш жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам ушул жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине тажик тарапка КР тарабынан көрсөтүлгөн макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө кабарлоо милдети тапшырылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан