Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Германия Федеративдик Республикасынын Канцлери Ангела Меркелди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда президенттик аппараттан билдиришти. Өлкө башчысы куттуктоо катында Кыргызстан үчүн маанилүү европалык мамлекеттердин бири болгон Германия менен көп тараптуу кызматташуунун өнүгүүсүнө даяр экенин билдирди. Мындан тышкары ал кыргыз эли Германия тарабынын болгон жардамды жана колдоону ыраазычылык менен кабыл аларын баса белгиледи.
Алмазбек Атамбаев Ангела Меркелге чың ден соолук, мамлекеттик кызматта ийгилик, немис элине амандык каалады.