Бишкектен таштанды чыгаруу үчүн 17-июлда 146 автоунаа иштеди. Мэриянын билдиришинче, жарым күндө борбор шаардын аймагынан 1416 метр куб таштанды чыгарылды. Таштанды чыгаруу боюнча 4 райондогу көрсөткүч төмөнкүдөй:
Октябрь районунан 17 унаа (таштанды ташуучу автоунаа) таштанды чыгарылды (363 метр куб);
Ленин районунан 15 унаа таштанды чыгарылды (463 метр куб);
Свердлов районунан 13 унаа таштанды чыкты (145 метр куб);
Биринчи Май районунан 18 унаа таштанды чыкты (445 метр куб).