Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу тик учак менен бийик тоолордогу кооптуу көлдөргө байкоо салды

Бүгүн, 17-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу атайын тик учак менен Чүй облусунун аймагындагы бийик тоолордо жайгашкан көлдөргө мониторинг жүргүзүп келишти. Ыкчам топту жетектеп барган өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбековдун бидирүүсүнө караганда, бийик тоодогу көлдөрдө өтө кооптуу абал жок. Бирок ага карабай алардын кооптуулугун азайтуу боюнча иштер улана берет.

Буга чейин чоң көйгөй жаратып, айласы табылбай келген бийик тоолордогу көлдөрдүн көлөмүн азайтуунун жаңы ыкмасы иштелип чыгып, ушул жылдан тарта бул маселе чечиле баштайт. Сифондук ыкма, же болбосо кадимки эле түтүк менен автоунаалардан бензин сордуруп алгандай жол менен бийик тоолордогу коркунучтуу көлдөр бөксөртүлөт. Өлкө аймагында бийик тоолордо жайгашкан кооптуу делинген 3000ден ашык көл бар. Алардын 30ө жакыны ар кандай деңгээлде кооптуу экендигин адистер аныкташкан. Аларга жыл сайын кооптуулугунун деңгээлин аныктоо боюнча изилдөө жүргүзүлүп, бирок алдын алуу иштерин жүргүзүү маселеси чечилбей келген. Быйылкы жылдан баштап алардын ичинен өзгөчө кооптуулары сифондук ыкма менен бөксөртүлүп, кооптуулугу жоюлат”,- дейт Алимбеков.

Бүгүнкү изилдөөлөрдүн жыйынтыгында көлдөрдөгү суунун деңгээли нормасында экен. Эгер күндүн кескин ысышынан тоңуп турган муздар эрип, суу ташкындап, сел жүрүп кетүү коркунучу туулса, онго жакын көл көзөмөлгө алынып, толуп турган суулардын деңгээлин төмөндөтүү иш-чаралары август айында да жүргүзүлмөй болду. 

Маалыматты министрликтен кабарлады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан