Бүгүн, 17-июлда Ош шаардык мэриясында коллегиялык жыйын өттү. Жыйында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ошко газ берүү маселеси 2 жылда чечилерин айтты. Шаар башчысы Ошко газ берүү үчүн Казакстандан газ түтүктөрүн тартып келүү иштерин тездетүү керектигин билдирди. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз кабарлады.
Маалым болгондой, учурда калаа тургундарын газ баллон менен камсыз кылуу аракеттери көрүлүп жатат.