Бүгүн, 18-июлда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Ош шаарына келди. Аларды шаар мэри Айтмамат Кадырбаев тосуп алды. Өкмөттүн облустагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков менен кошо Жоомарт Оторбаев Нариман айылында курулуп жаткан Нурсултан Назарбаев атындагы мектептин курулушу менен таанышты. Анда курулуш алгылыктуу жүрүп жатканы айтылды.
Андан соң өкмөттүн Озгур айылындагы суу тазалоочу жайдын абалы менен таанышары маалым болду.