Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 19-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда президенттик аппараттан билдирди.
Мыйзам жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын эмгектенүү укуктарын коргоо, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын айрым ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүү, ошондой эле “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдарга редакциялык жана тактоочу мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү максатында кабыл алынган.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.