Кытай Кыргызстанга 300 миллион юань (50 миллион доллар) гранттык насыя берет. Бул тууралуу макулдашуу документине кечээ, 17-июлда кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынында кол коюлду. Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев бул кайтарымсыз каражат социалдык объекттерди курууга жумшала турганын айтты.
"Бул гранттык каражаттар өкмөт тарабынан аныкталган тармактарга жумшалат",- деди ал.