Премьер-министр
Жоомарт Оторбаев Ош шаарына болгон иш сапарында Озгур айылында жайгашкан суу тазалоочу чыпканын курулушу менен таанышты. Анда шаардагы Суу башкармалыгынын жетекчиси
Дөөлөтбек Кокочоров аталган суу тазалоочу аппарат 2015-жылы колдонууга берилерин айтып, ал суткасына 20 миң куб сууну тазалап турарын айтты.
Өкмөт башчыны коштоп шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Улан Примов жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков барды. Жогоруда айтылган аппарат ишке кирсе, жергиликтүү тургундардын жаан-чачындан кийин токтоп калчу суу маселеси чечилмек.