Акыйкатчы аппараты жогорку окуу жайларынын абитуриенттерди кабыл алуу комиссияларынын ишиндеги кемчиликтерди белгилөөдө. Бул тууралуу акыйкатчы аппараты бүгүн, 18-июлда билдирди.
Учурда аталган аппараттын кызматкерлери жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу жараянына мониторинг жүргүзүшүүдө. Алар Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы окуу жайына кабыл алууга байкоо жүргүзгөн учурда окуу жайда калкка маалымат толук жетпей калгандыктан, өзгөчө категориядагы жеңилдиги бар абитуриенттерден бир да документ тапшырылбаганы аныкталган. Ошол себептүү акыйкатчы аппараты окуу жайдын кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнө аталган маалыматты документтерди кабыл алуучу жайдын тактайына көрүнөө жерге, ошондой эле университеттин расмий сайтына жайгаштырууну сунушташты.
Айта кетсек, өкмөттүн 2012-жылдын 19-июнундагы N429-токтому менен бекитилген жобонун 3.5-пунктуна ылайык, өзгөчө категориядагы абитуриенттер - жеңилдик алуучу абитуриенттер 1, 2-топтогу майыптар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, 2010-жылдагы Апрель, Июнь окуяларында каза болгондордун балдарына жана “кайрылман” статусуна ээ болгондорго орун берилиш керек болчу.