Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү бүгүн, 18-июлда тийиштүү мамлекеттик органдарга 1 жума убакыт аралыгында курорттук зонада жайгашкан турак жайларды каттоого алууну айтты. Кыймылсыз мүлк катары же болбосо конок үйү катары патент алуу жолу менен салык төлөөнү киргизүү боюнча сунуш берүү жана бул багытта иш алып баруу керек экени салык жана статистика кызматкерлерине тапшырылды.
Мындай сунушту Эс алуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Акжолтой Насирдинов колдоп, ал өз сөзүндө: “Эгер Ысык-Көл району боюнча эле алсак, ошол каттоодо жок, бирок элге кызмат көрсөтүп жаткан объектилерди тактап алсак, 120 миллион сом киреше түшмөк”,- деди Акжолтой Насирдинов.
Ошондой эле Каракол шаарында туруктуу иштеп жаткан конок үйлөрүнүн ыктыярдуу салык төлөө менен иштеп жатышынан сырткары кызмат көрсөтүү үчүн салык төлөө боюнча сунуш берүү жагы Салык кызматына тапшырылды. Бул тууралуу облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы билдирди.