Бишкек: Израилдин Газаны талкалоосуна каршы флешмоб өттү (фоторепортаж)

Бүгүн, 18-июлда Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта Израилдин Газа тилкесин жардырып, талкалоосуна байланыштуу флешмоб өттү. “Мусулман мусулмандын бир тууганы” деп аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу, дин аалымы Чубак ажы Жалилов, коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек жана жаштардын атынан 100дөй өкүл катышты. Чогулгандар колдоруна Газага каршы сокку урууну токтотууга үндөгөн плакаттарды кармап турушту жана бул боюнча расмий Бишкек атайын билдирүү жасашы керектигин айтышты.

Айта кетсек, Газада "ХАМАС" кыймылынын куралдуу топторуна каршы Израилдин чабуулу 8-июлда башталган. Израиль өз аракетин палестиналык согушчандардын Израиль аймагына ракеталык чабуул койгону менен байланыштырууда. БУУнун маалыматы боюнча, Газа тилкесинде каза тапкандардын көбү карапайым жарандар. Жаңжал израилдик 3 өспүрүмдүн уурдалышынан кийин чыңалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан