Бүгүн, 18-июлда Ысык-Көлдө өткөн облустук жыйында жергиликтүү жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткара албаган район, шаар жетекчилерин өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев катуу сынга алды. Бул тууралуу өкмөт өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
“Район жана шаар жетекчилери аймакта иштеп жаткан ишканалардын токтобой иштешине көмөк көрсөтүп, жок дегенде жетекчилери менен сүйлөшүп, көйгөйлүү маселелерди ортого салуу керек. Себеби жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн ошол ишканалар, өндүрүш берет. Бул багытта жетиштүү иш алып баруу болбой жатат”,- деди Каптагаев.
Маалыматка ылайык, облус боюнча иштетүү өнөр жайында 12,6 миллиард сом продукция өндүрүлүп, анын ичинен суусундуктарды кошкондо тамак-аш азыктары 354,4 миллион сом болгон. Текстиль жана тигүү, бут кийим булгаары өндүрүшү 61,0 миллион сомду, негизги металл өндүрүшү жана даяр металл буюмдар өндүрүшү 12085,0 миллион сомду түздү. Жалпы тармак боюнча физикалык көлөмүнүн индекси 111,3 пайыз болду. Облуста 2014-жылдын 6 айында бажы төлөмдөрүн жана бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын эске албаганда, облус боюнча түшкөн салыктардын жалпы контингенти 649,1 миллион сомго барабар болгон. Республикалык бюджет 286,2 миллион сомду түздү. Каракол, Балыкчы шаарлары, Ак-Суу, Ысык-Көл, Тоң жана Түп райондору республикалык бюджеттин планын аткарышкан эмес.