Жоомарт Оторбаев "отундун альтернативдүү жолуна өтүү иштери кызуу жүрөт" деди

18-июлда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Ош шаардык жылуулук электр борборунда болду. "Ош электр", “Жылуулук камсыздоо” ишканаларынын жана Ош шаардык ЖЭБинин жетекчилери өкмөт башчыга кыш мезгилине карата даярдык кандай экенин айтышты. ЖЭБ директору Анарбек Аттокуровдун айтымында, жылытуучу мезгилге карата даярдык графикке ылайык жүрүүдө.

Премьер-министр Ош шаарын жылытуу мезгилине даярдоо үчүн 261 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи. Ошондой эле 30 миллион доллар өлчөмүндөгү орусиялык грант бөлүнгөнүн кошумчалады. Алардын ичинен түштүк калаага 1 миллиард сом, Ош облусу үчүн калган 500 миллион сому бөлүнөт. "Газ менен камсыздоого байланыштуу көйгөйлөргө жараша биз түштүк аймактын энергетикалык кубаттуулугунун мүмкүндүгүн колдон келишинче күчтөндүрүүбүз зарыл. Бул максатта энергетика министри жетекчилик кылган атайын штаб түзүүнү тапшырам",- деп белгиледи премьер.

“Биз ириде Ош жана Жалал-Абад шаарларын кышка даярдоо маселесине көңүл бурабыз. Ага катар отундун альтернативдүү түрүнө өтүү боюнча иштер кызуу жүрөт",- деп кошумчалады өкмөт башчы.

Оторбаев жакынкы жылдары Ош шаарынын жашоочулары таза суу менен толук камсыздаларын да айтты. 

Ош шаардык "Суу-канал" ишканасынын директору Дөөлөт Кокочоров премьер-министрге суу топтолуучу жайдын жаңы нугунун курулуш долбоору тууралуу айтып берди. Айтымында, Азия өнүктүрүү банкы суу тазалоочу жайды модернизациялоо боюнча бардык 6 тендерди жыйынтыктады. "АӨБ бардык эскирген түтүктөрдү жаңыртууга үчүнчү суу түтүк линиясын курууга жана суу үчүн электр эсептегичтер үчүн 11 миллион 800 миң доллар бөлөт. Долбоор алкагында Жапалак айыл аймагынын тургундары таза ичүүчү суу менен камсыздалып, бардык эски түтүктөр жаңыртылат”,- деди Кокочоров.

Премьер-министр орусиялык гранттан жаңы резервуар курууга 50 миллион сом жана эскисин калыбына келтирүү үчүн 9 миллион сом бөлүнөрүн билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан