Ош шаарын газ баллондору менен камсыздоо маселеси толук чечилди. Муну 18-июлда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев билдирди. Айтымында, шаардыктарга газ баллон жеткирип берүү менен 3 компания алектенип жатыптыр. Ош шаарына иш сапары менен барган өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге Оштун мэри шаарда көйгөйү бар 5 көмөк чордон алмаштырылганын, дагы бешөөсүн алмаштыруу каралып жатканын айтты.
Маалыматка таянсак, учурда Ош шаардык "Жылуулук камсыздоо" ишканасында 58 буу казан бар, анын 20сы электр, 38и көмүр менен иштейт. Дагы 5 буу казанды көмүргө өткөрүү пландалып жатыптыр.
Эскерте кетсек, Өзбекстан газды бууп койгону үчүн Ош шаарынын калкы 3 айдан бери газсыз отурат.