Кыргызстанда Салык кодексине өзгөртүү кирди

Президент Алмазбек Атамбаев 18-июлда "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 26-июнунда кабыл алынган мыйзамда салык төлөөчүдөн салыктык милдеттенменин суммасынан ашык акча төлөөнү талап кылууга тыюу салуудагы салык органдары менен салык төлөөчүлөрдүн ортосундагы мамилелер такталып, редакциялык мүнөздөгү түзөтүүлөр киргизилген.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 55-беренесинин 5-бөлүгүн кошпогондо, 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан