"Кыргызстанда мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү кирди

Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 25-июлунда кабыл алынган мыйзам мамлекеттик менчикти менчиктештирүү механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган, ошондой эле менчиктештирүү программасынын мазмунун жана ага киргизилген объекттерди тактайт. Фонд биржасына акцияларды коюп, сатуу жолу менен менчиктештирүүнүн жаңы ыкмасын аткаруу тартиби жана түшүнүгү, ошондой эле мамлекеттик мүлктү сатууну электрондук формада жүргүзүү боюнча жобо киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан