Каржы министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылган 2014-жылдын январь-июнуна Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалыматка караганда, өлкөдө 6 ай ичинде
расмий катталган жумушсуздардын саны 58,5 миң адамды түздү. Көрсөткүч 2013-жылдын тийиштүү мезгили менен салыштырмалуу 2,3 пайызга азайды. Өткөн жылдын январь-июнуна азаюу 6,4 пайыз болгон.
Ал эми орточо айлык акынын анык өсүшү 2014-жылы 5 ай аралыгында 1,9 пайызды түздү. Номиналдык туюнтууда орточо эмгек акы 11 668 сом деңгээлинде болду.