Бишкекте Израилдин Газа тилкесин талкалоосуна каршы экинчи ирет акция өтөт

25-июлда Бишкектеги Тарых музейинде Израилдин Газа тилкесин жардырып, талкалоосуна байланыштуу флешмоб өтөт. Иш-чара “Мусулман мусулмандын бир тууганы” деп аталат. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу, дин аалымы Чубак ажы Жалилов, коомдук ишмер Мыктыбек Арстанбек жана жаштар өкүлдөрү катышары айтылды. Ушундай эле акция 18-июлда да Бишкектеги Горький атындагы сейил багында өткөрүлгөн. Чогулгандар колдоруна Газага каршы сокку урууну токтотууга үндөгөн плакаттарды кармашып, бул боюнча Бишкек атайын расмий билдирүү жасашы керектигин айтышкан.

Айта кетсек, Газада "ХАМАС" кыймылынын куралдуу топторуна каршы Израилдин чабуулу 8-июлда башталган. Израиль өз аракетин палестиналык согушчандардын Израиль аймагына ракеталык чабуул койгону менен байланыштырууда. БУУнун маалыматы боюнча, Газа тилкесинде каза тапкандардын көбү карапайым жарандар. Жаңжал израилдик 3 өспүрүмдүн уурдалышынан кийин чыңалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан