Өкмөт башчы өлкөдөгү балет өнөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкон Марат Сыдыковго жогору баа берерин айтты

КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 21-июлда Юрий Григорович атындагы "Дүйнөнүн жаш балети" аттуу эл аралык сынактын лауреаты Марат Сыдыковду кабыл алды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өкмөт башчы өлкөдөгү балет өнөрүнүн өнүгүшүнө салым кошкон Марат Сыдыковго жогору баа берерин айтты.

"Балетти баалай билгендер силердин өлкөдөгү балет өнөрүнө кошуп жаткан салымыңарды билишет. Сиз атаңыздын жолун улап келе жатасыз. Бий өнөрү менен эл аралык аренада өлкөбүздүн имиджин көтөрүп жатасыңар",- деди Оторбаев.

Өз кезегинде Марат Сыдыков жылуу кабыл алганы үчүн өкмөт башчыга ыраазычылык билдирип, келечектеги пландары менен бөлүштү. Жетишкен ийгиликтери үчүн Жоомарт Оторбаев Марат Сыдыковду КРнын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан