Израилдин Газа тилкесине болгон соккусу күч алды. Ал ортодо каза болгондордун саны 500дөн ашканы айтылууда

Бүгүн, 22-июлда Израилдин Газа тилкесине болгон аткылоосу күч алды. Ал ортодо Палестинанын 500дөн ашуун тынч жашоочулары каза болгонун чет элдик ММКлар жазып чыгышты.  

БУУ Газада каза тапкандардын көбү карапайым жарандар экенин айтып, согуштук аракеттерди токтотууга чакырууда. Ошондой эле абал күн санап курчуп баратканын эскертип жатышат. 

Израиль бийлиги Газада "ХАМАС" кыймылынын куралдуу топтору жок кылынмайынча согуштук аракеттерди токтотпой турганын билдирүүдө. Алардын Газаны талкалоо аракети 8-июлда башталган.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан