Депутат чиновниктердин компанияларынын тендерлерге катышкандыгын текшерүү боюнча Башкы прокуратурага кайрылды

ЖКнын депутаты Дастан Бекешев Башкы прокуратурадан чиновниктердин жакындарына тиешелүү компаниялардын тендерлерге катышканы боюнча фактыларды текшерүүнү суранды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 22-июлда SUPER.KG порталына билдирди. 

Депутат бул өтүнүчү боюнча 2014-жылдын 12-июнунда прокуратурага кат жолдогон. Бирок азыркыга чейин эч кандай жооп берилген эмес.

Айтымында, ММКларда мамлекеттик кызматтагылардын жакындарынын компаниялары сатып алууларга катышканы боюнча маалыматтар жарыяланган. Бул мыйзамга каршы келет.  

ММКларга чиновниктердин жакындарына тиешелүү компаниялары сатып алууларга катышканы тууралуу маалыматтарды алдым. Анын негизинде прокуратурадан аныгын текшерип берүү боюнча өтүнүч катын жолдогом. Ага бир айдан ашты, бүгүнкү күнгө чейин жооп болбоду. Ошондуктан кайрадан суранып жатам. Негизинен биз май айларында мамлекеттик кызматтагы адамдардын жакындарынын компаниялары тендерге катышпасын деген максатта мыйзам кабыл алганбыз, мыйзам ратификациядан өткөн”,- дейт Бекешев. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан