MegaCom’дон «МегаЖАЙ»: Кум жээкти каптаган белектер толкуну

MegaCom эстен кеткис «МегаЖАЙДЫ» көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүүгө чакырат.

Саратандын ар ишемби күнү сиздерди мобилдик байланыш операторунан кум жээк бийлери, кызыктуу оюн-зоок программалары, фирмалык белектер, драйв жана белектер ташкыны күтөт! 26-июлда ажайып шаңга бөлөнгөн кум жээкке атайын конок катары "Stay With Me", "On & On" ("When the lights go down") жана "That’s My Name" белгилүү хиттеринин аткаруучусу "Akcent" тобу келет. 

«MegaCom компаниясы түрдүү оюндарды өткөрүү менен күн нурларына чагылышкан алтын кумдуу кыргыз берметинин жээгинде эс алып жаткан бардык эс алуучуларга жагымдуу маанай тартуулайт. Ал эми уюлдук оператордун Ысык-Көл облусунун аймагын толук каптаган, жогорку ылдамдыктагы 3,75 G мобилдик интернети тартылган шайыр видеону же батып бара жаткан күн шооласына курчала кыялдана түшкөн сүрөттү ошол эле замат досторго жөнөтүүгө шарт түзөт”,- дейт компаниянын Жарнама жана PR департаментинин жетекчиси Жылдыз Мамытова. 

Кайсы гана жерде болбоңуз, MegaCom сизге дайыма байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Өзүңүздүн «МегаЖАЙДЫ» биздин көңүл ачуу картабыз менен пландаштырыңыз. Компаниянын соцтармактардагы расмий баракчаларында өткөрүлө турган сынактарга катышып, "Akcent" тобунун концертине билет утуп алуу  мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз. Толук маалыматты компаниянын расмий сайтына жайгаштырылган акциялар бөлүмүнөн жана да *500 номуруна (MegaCom абоненттерине чалуу акысыз) чалуу аркылуу алууга болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан