Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында 24-июлда КРнын Өкмөтүнө караштуу өнүктүрүү боюнча шериктер менен өз ара аракеттешүү жөнүндө координациялык кеңеш болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Кеңештин ишине министрлик жана ведомстволордун, ошондой эле эл аралык финансы институттарынын, донордук уюмдардын жана элчиликтердин жетекчилери катышты. Жыйындын негизги милдети катары мамлекеттик секторду реформалоону аткаруу боюнча жылыштарды талкуулоо жана биргелешип кызматташуу келечегин аныктоо, жеке тармакты өнүктүрүү стратегиясын кошумча каржылоо маселеси каралды.
Премьер-министр донордук уюмдар менен биргелешип иштеп чыккан чаралар планы 66 иш-чарадан туруп, анын 25и кыска мөөнөттүү болуп саналарын айтты.
"Коомчулук бизди колдоого алууда жана реформа өткөрүү үчүн тийиштүү басым көрсөтүүдө, ал эми өкмөт мамлекеттик башкаруу сапатын жакшыртууда. Министрлер кабинетинин ишиндеги келечектүү багыттар аныкталган, алар бардык багыттар боюнча талкууланат. Биз үчүн сиздердин институттагы биздин рейтингдерди жогорулатуу маанилүү жана буга байланыштуу мамлекеттик башкарууну реформалоо актуалдуу мүнөз алууда",- деди Ж.Оторбаев.
Андан соң өкмөт башчы мамлекеттик башкарууну реформалоону ишке ашырууга жоопкер министрлик жана ведомстволордун жетекчилерине донордук уюм өкүлдөрү менен жолугушуп, иш-чараларды аткаруу мөөнөтүн талкуулоо, ошондой эле аталган багыттагы күчтөрдү багыттоого жоопкер жактарды аныктоо тапшырмасын берди.